Кыргызстан импорттолгон көмүрдөн баш тартып “Кара-Кечеге” артыкчылык берет

Кыргызстан быйыл ташылып келген көмүрдөн баш тартып, жергиликтүү “Кара-Кечеге” артыкчылык берет.

Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Анын айтымында, импорттолгон көмүрдү сатып алууга сарптала турган 32 миллион сом эми өлкөдө калат.

Кошумча жумуш орундары да түзүлөт.

Ал кошумчалагандай, былтыр ушул маалда ТЭЦте 100 тонна көмүр калса, быйылкы көмүрдүн көлөмү 280 тоннаны түзөт.