Кыргызстанда орточо айлык акы жыл ичинде дээрлик 11,5 пайызга өстү

Кыргызстанда орточо айлык акы жыл ичинде дээрлик 11,5 пайызга өсүп, 21 миң сомго жетти.

Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Эмгек акынын жогорулашы чарбалык иштин бардык түрлөрүнүн ишканаларында жана уюмдарында байкалды.

Эң олуттуу өсүш саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан тейлөө жана тоо-кен тармагында белгиленди.

Белгилеп кетсек, бир жыл мурун орточо айлык 19 миң 586 сом же 231 доллар болсо, бүгүнкү күнгө карата орточо айлык 254 долларга чейин өстү.