Иранда негизги азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады

Иранда негизги азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттады.

Эл аралык басылмалардын маалыматына караганда, өсүмдүк майы, тоок эти, жумуртка жана сүт бир заматта эле 300 пайызга өсүп кетти.

Адистер бул экономикалык кырдаалды Украинадагы жаңжалдан улам дүйнөлүк жеткирүү түйүндөрүндөгү көйгөйлөр менен байланыштырууда.

Маселен, Иранга алынып келинген өсүмдүк майынын дээрлик жарымын украин дыйкандары өндүрөт.