Америкалык компания Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Дүйнөлүк айыл чарба техникаларын чыгарган америкалык компания Кыргызстанга 50 миллион доллар берет.

Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча меморандумга кол коюлду.

Ведомстводон белгилешкендей, өлкөдөгү айыл чарба техникаларынын паркы 2026-жылга чейин 10 пайызга жаңыланышы керек.

Учурдагы жабдуулар өтө көп убакыттан бери алмаштырылбай, түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизүүдө.

Түзүлгөн келишим алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруунун биринчи этабы болуп саналат, — деп айтылат маалыматта.