Токтогулда суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты

Токтогулда суунун көлөмү 10 миллиард куб метрден ашты.

Novosti.kgге “Электр станциялары” ишканасынан такташкандай, суунун агып келиши секундасына 887 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 304 куб метрге жетүүдө.

Эске салсак, башкы резервуардагы суу акыркы жолу ушул жылдын 4-январында 10 миллиард куб метр деңгээлге жеткен.

Бирок буга карабай энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну сунуштайт.