Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алат

Кыргызстандын 200 жараны Германияда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат.

Бул тууралуу Эмгек министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тууралуу кечээ министрлик менен Германияда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берген EDUVISO программасынын ортосундагы кызматташтык келишимге кол коюлду.

Анын алкагында Кыргызстандын жарандарына «медайымдык иш» адистиги боюнча Германияда андан ары ишке орноштуруу менен КРнын программа менен аккредиттелген окуу жайларында окуудан өтүүгө мүмкүнчүлүк берилет.

Ага ылайык, 11-класстын бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле 35 жашка чейинки бардык каалоочулар бул программага катышуу үчүн кайрылып, маектешүүдөн өтө алышат.

Жыйынтыгында тандоодон өткөн талапкерлер Германияда жумушка орношо алышат.