Бүтүрүүчүлөргө аттестаттар июлдун биринчи жумасында тапшырылат.
Бул тууралуу Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен билдиришти.
Ведомство 11-класстын бүтүрүүчүлөрү да, 9-класстын окуучулары да бул аралыкта билими тууралуу документ алаарын белгилейт.
Күбөлүктөрдү басып чыгаруу боюнча тендер пландалгандыктан, иш-чаралардын так датасы азырынча белгисиз.
Эске салсак, быйыл 11-класстын 61 миң 546 окуучусу жана 100 миңден ашык тогузунчу класстын окуучусу мектепти аяктайт.