Бишкекте аба-ырайы кайрадан салкын тартат

Бишкекте аба-ырайы кайрадан салкын тартат. 28-майдан баштап абанын температурасы бир кыйла төмөндөйт. Ишембиде аба табы 16 градуска чейин гана жылып, күн бою жаан жаайт. Жекшембиде жана кийинки дүйшөмбүдө бир аз жылуураак +18…20 градус болот жана анчейин көп эмес жаан жаайт.  

Билим берүү министрлиги быйыл мектеп лагерлерин ачат

Билим берүү министрлиги быйыл мектеп лагерлерин ачат. Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул демилге азыр министрлер кабинетинде каралууда. План боюнча лагерлер өлкөнүн бардык аймактарында иштейт. Аларды уюштурууга бюджеттен 5 миллион сом бөлүнөт.

Кыргызстандын балы экспортто суроо-талапка ээ болууда

Кыргызстандын балы экспортто суроо-талапка ээ болууда. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, былтыр өлкөдөгү кургакчылыкка карабастан, 2 миң 400 тоннадай бал өндүрүлүп, анын 450 тоннага жакыны экспорттолгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2021-жылдын аягына карата Кыргызстанда 150 миңдей бал челек бар. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик… Кененирээк…

Кыргызстан интернаттарында тамактанууга бөлүнгөн каражат 50 пайызга көбөйтүлдү

Кыргызстан интернаттарында тамактанууга бөлүнгөн каражат 50 пайызга көбөйтүлдү. Бул тууралуу бизге Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, буга чейин карылар жайгашкан интернаттарда тамактанууга бир күнгө 100 сомдон бөлүнсө, эми бул сумма 200 сомго жеткирилди. Ал эми интернатта жашаган жаш балдардын… Кененирээк…

Июндан тарта Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштайт

Июндан тарта Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштайт.   Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 6-июндан баштап жумасына бир жолу поезд менен Бишкектен Казань шаарына чейин жетип алса болот, ал эми Самарага поезд 9-июндан тарта ар шаршемби күндөрү, Новосибирск калаасына 9-июндан тарта 8 күндө… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери быйыл өзгөрүлбөйт

Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери быйыл өзгөрүлбөйт. Бул тууралуу Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, 2021-жылы өкмөт тарабынан 4 жылдык тарифтик саясат иштелип чыккан, андыктан, аны өзгөртүү пландалган жок.   Эске салсак, учурда Кыргызстан калкы электр энергиясынын бир киловатт-сааты үчүн 77 тыйындан төлөйт.   Колдонуу… Кененирээк…

Кыргызстанда кароосуз калган карыларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет

Кыргызстанда кароосуз калган карыларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу кененирээк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев айтып берет.   “Өзүн тейлей албаган улгайган адамдарга биз үйүнө барып жардам беребиз. Социалдык кызматкерлерибиз үйлөрүнө барып, тамак-ашын кылып берип, үйүн жыйнап, дүкөнгө барып, тамак-аш алып… Кененирээк…

Ошто жер титиреди

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарлашты. Билдирүүдө жазылгандай, жер титирөө 24-май күнү саат 23:35те катталып, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3 баллга, Кашка-Суу, Кара-Кабак, Жайылма айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.   Алдын ала маалымат боюнча жер… Кененирээк…

Кыргызстанда банктардын тапкан пайдасы быйылкы үч айда эки эсеге өстү

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында экономиканын финансы секторунда иш алып барган ишканалардын тапкан пайдасы эки эсе өстү. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө 591 финансылык уюм бар. Анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 309 күрөөкана, 146 микрокредиттик уюм, 97 кредиттик бирикме,… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттоо багытын алды

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттоо багытын алды. Учурга карата ордо калаанын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 80 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 81 сом 50 тыйынга сатышууда.   Муну менен доллар бир эле күндө 50 тыйын-1 сомго кымбаттады. Ал эми Улуттук банктын… Кененирээк…