Кыргызстанда кароосуз калган карыларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет

Кыргызстанда кароосуз калган карыларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп келет. Бул тууралуу кененирээк Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев айтып берет.

 

Өзүн тейлей албаган улгайган адамдарга биз үйүнө барып жардам беребиз. Социалдык кызматкерлерибиз үйлөрүнө барып, тамак-ашын кылып берип, үйүн жыйнап, дүкөнгө барып, тамак-аш алып келип, ушинтип тейлейт. Бул бир жагы, экинчи жагы болсо – кароосуз калган улгайып калган жарандар интернаттарга барат, биздин тармакта бүгүнкү күндө 16 интернат бар

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 700 миңден ашык адам пенсия алып келет.