Бишкектин Панфилов паркындагы өрт өчүрүлдү
Бишкектин Панфилов паркындагы өрт өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, тилсиз жоо бүгүн эртең менен эс алуу аймагындагы кафелердин биринде катталды. Жерине 3 өрт өчүрүү бригадасы тартылып, жалынды толук басуу аракеттери дагы эле жүрүүдө. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.