Июндан тарта Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштайт.
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. 6-июндан баштап жумасына бир жолу поезд менен Бишкектен Казань шаарына чейин жетип алса болот, ал эми Самарага поезд 9-июндан тарта ар шаршемби күндөрү, Новосибирск калаасына 9-июндан тарта 8 күндө бир каттайт.
Билеттер жакынкы күндөрү сатыкка чыгарылат. Россия аймагына поезд менен барууну каалагандар коронавирустук чектөөлөр жөнүндө маалыматты тактап алышы керек.