Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттоо багытын алды

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттоо багытын алды. Учурга карата ордо калаанын коммерциялык банктары жана акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 80 сом 50 тыйындан сатып алып, кайра 81 сом 50 тыйынга сатышууда.

 

Муну менен доллар бир эле күндө 50 тыйын-1 сомго кымбаттады. Ал эми Улуттук банктын расмий курсу – 79 сом 50 тыйын деп орнотулган.

 

Белгилеп кетсек, соңку күндөрү америкалык валюта арзандап баштагандыктан, өлкөнүн башкы каржы мекемеси интервенция өткөрүп, доллар сатып алган.