Эртең Кыргызстанда “Алтын тамга” тестирлөөсү өтөт

Эртең Кыргызстанда “Алтын тамга” тестирлөөсү өтөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, сынакка 2 миң 232 бүтүрүүчү катышат. Эске салсак, “Алтын тамга” тестин өзгөчө үлгүдөгү аттестатка талапкер окуучулар тапшырат.

 

Өз билимин ийгиликтүү тастыктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзамендерден бошотулат.