Ордо калаанын маршруттук такси фирмаларына транспортту иретке келтирүү үчүн 1 ай убакыт берилди

Ордо калаанын маршруттук такси фирмаларына транспортту иретке келтирүү үчүн 1 ай убакыт берилди. Бул тууралуу транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы Максат Нусувалиев билдирди.

 

Анын айтымында, маршруттук таксилердин бардыгы бир түскө боелуп, сырткы жарнамалардан арылышы керек.

 

Департамент кызматкерлери акыркы аялдамаларга барып бул талаптардын аткарылышы текшерип турат.