Министрлер кабинети жана Германиялык өнүктүрүү банкы 15 миллион евро мамлекеттик карызды которуу макулдашуусун кабыл алды. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришкендей, каражат айыл жергесиндеги кирешеси аз жана орто үй-бүлөлөр үчүн турак-жай курууга багытталат.
Макулдашууга ылайык, ипотекалык компания 15 миллион еврону бир нече транш менен 2 жыл ичинде алат.
Эске салсак, Германия аталган суммадагы мамлекеттик карызды кечип, бирок аны Мамлекеттик ипотекалык компанияга которуу талабын койгон.