Түркия бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алып салды

Түркия бийлиги коронавирустук чектөөлөрдү алып салды. Эми бул өлкөдө коомдук жайларда жана сыртта маска тагынуу милдеттүү эмес. Беткап режими ооруканаларда эле сакталат.

 

Чектөөлөрдү жеңилдетүү чечими Түркияда коронавирус инфекциясына кабылуу учурлары кескин азайганына жана эпидемиологиялык абал жакшырганына байланыштуу кабыл алынды.