Өлкөнүн ички рыногунда чет элдик валютага суроо-талап жогорулаганы байкалууда

Өлкөнүн ички рыногунда чет элдик валютага суроо-талап жогорулаганы байкалууда.   Буга карабай, абал туруктуу, — дешти Улуттук банктан. Кыргызстандын башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, доллардын сомго карата алмаштыруу курсу суроо-талапка жараша аныкталат. Андыктан, куну бекемдеп жаткан доллар кайрадан эле бир күндө, же бир айда кайра  төмөндөп… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта бардык тармактарда айлык көтөрүлөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта бардык тармактарда айлык көтөрүлөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди. Өлкө башчынын айтымында, билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн мугалимдердин айлыгы биринчи кезекте жогорулатылган.   Эми күздө калган тармактардагы кызматкерлердин маянасы көбөйтүлөт. Эске салсак, 1-апрелден тарта мугалим, актер, китепканачы сыяктуу социалдык,… Кененирээк…

Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 30-майда кабарлагандай, бул кызматка Каныбек Туманбаев дайындалды. Тилек Батырканов буга чейин «Азаттыкка» маек куруп, президенттик администрациянын жаңы имаратына алмашыла турган 16 гектар жер Бишкектин түштүк тарабындагы… Кененирээк…

Кипр коронавирустук чектөөлөрүн 1-июндан тарта толугу менен алып салат

Кипр коронавирустук чектөөлөрүн 1-июндан тарта толугу менен алып салат. Чет элдик туристтер бул өлкө аймагына кирүүдө эми ПЦР тест тапшырбайт жана вакцина тууралуу сертификатын көрсөтпөйт.   Андан тышкары, жергиликтүү бийлик өлкөлөрдүн эпидемиологиялык коркунуч боюнча категориясын алып салды.

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу 5-июнга чейин сакталат

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу 5-июнга чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бул туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлөп жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу. Жарандарга тоолуу аймактарга барууда этият болуу сунушталат.   Синоптиктердин маалыматында, май айы жаан-чачынга бай болду, нымдуулуктун көлөмү нормадан дээрлик 1,5 эсе көп катталды.

Ысык-Көлдө алгачкы күн электр станциясы курулат. Евразиялык өнүктүрүү банкы

Ысык-Көлдө алгачкы күн электр станциясы курулат. Евразиялык өнүктүрүү банкы,   Жаратылыш ресурстары министрлиги жана башка компаниялар ортосунда долбоордун биринчи этабын каржылоо жөнүндө макулдашуу жетишилди.   Жылына күн электр станциясы 91 миллион киловатт-саат энергия өндүрөт. Бул өлкөдөгү энергетиканын жетишсиздигин жоюп, суу ресурстарын үнөмдөөгө шарт түзөт. Долбоорду… Кененирээк…

“Камбат-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого Өзбекстан жана Казакстан дагы катышууда

“Камбат-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого Өзбекстан жана Казакстан дагы катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президент Садыр Жапаров билдирди.   Анын айтымында, документти даярдоого   2 жылдай талап кылынат. Андан кийин курулуш иштер башталат. Эске салсак, “Камбар-Ата-1” ГЭСи эң ири энергетикалык долбоор. Ал Жалал-Абад облусунда жайгашып, курулушуна… Кененирээк…

Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө

Кыргызстанда насвай чеккен аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чинара Бекбасарова билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдан бери Кыргызстанда 15 жаштан жогорку курактагы эркектердин арасында тамеки чеккендердин саны азайып, ошол эле учурда аялдар менен кыздардын арасында… Кененирээк…

Кыргызстанда сентябрда электрондук мектеп ачылат

Билим берүү министрлиги сентябрда электрондук мектепти ишке киргизүүнү пландоодо. Бул тууралуу мекеменин орун басары Расул Авазбек уулу билдирди. Анын айтымында, электрондук мектепке тажрыйбалуу мугалимдердин сабактары жүктөлөт жана бир нече багытта иш алып барат. Маселен, онлайн мектепте этникалык кыргыздардын балдары жана чет өлкөдө жашаган мигранттар Кыргызстандын… Кененирээк…

Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы “Эмгек сиңирген килемчи” наамын алды

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайы “Эмгек сиңирген килемчи” наамын алды. Мындай токтомду түркмөн парламенти чыгарды. Токтомдо учурдагы президент Сердар Бердымухамедовдун апасы Огулгурек Бердымухамедова өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоодо опол тоодой эмгек кылып, улуттук килем токуу искусствосун өнүктүрүп, көптөгөн жылдар бою эмгектенгени айтылат. Ошондой эле Ахал облусундагы… Кененирээк…