Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайды

Кыргызстанга Россиядан которулган акча азайды. Улуттук банктан билдиришкендей, өлкөгө которулган акчанын эң чоң көлөмү Россиядан келип, бирок былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33 пайызга төмөндөдү. Акча которуу боюнча экинчи орунда Америка турат. АКШдан 5 миллион доллардан ашык түшкөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 1,6 эсеге көп. Кыргызстанга… Кененирээк…

Эртең Бишкекте 7 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн

Эртең Бишкекте 7 миң абонент жарыксыз калышы мүмкүн. “Түндүк электр” ишканасы 31-майдан тарта карызы бар керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүп баштайт. Компания ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн электр энергияга төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат. Төлөмдөр почта, банктар жана электрондук капчыктар аркылуу кабыл алынат.

Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө ачылды

Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрө ачылды. Узундугу 600 метрден ашкан уникалдуу курулуш Сон-Ла провинциясында жайгашкан. Анын бийиктиги жунглиден 150 метрде жайгашып, пол жана тосмолору толугу менен айнектен жасалган. Иштеп чыгуучулардын айтымында, конструкция коопсуз жана 450 адамга чейин туруштук бере алат. Бирок көпүрөнү алсыз адамдар… Кененирээк…

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери 90 пайызга аяктап калды

Жалал-Абадда селдин кесепеттерин жоюу иштери 90 пайызга аяктап калды. Novosti.kgге шаар мэри Эрнисбек Ормоков билдиргендей, учурда шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, мэриянын коммуналдык мекемелери, сел каптаган көчөлөрдү, социалдык объектилерди жана турак жайларды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, 28-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Жалал-Абад шаарында 18 объектини… Кененирээк…

Кыргызстанда аялдардын айлыгы эркектердин айлыгынын орточо 75 пайызын түзөт

Кыргызстанда аялдардын айлыгы эркектердин айлыгынын орточо 75 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалым болду. Статистика боюнча республикада эркектердин орточо айлык акысы 21 миң 1000 сомду түзсө, аялдар орто эсеп менен 16,5 миң сом алышат. Бирок билим берүү жана искусство тармагында эмгектенген аялдар эркектерден… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы жарылуудан жабыркаган үч адамдын абалы оор

Жалал-Абад шаарындагы темирди кайра иштетүүчү заводдун меши жарылып, жети адам жараат алды. Алардын үчөөнүн абалы оор. Облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Кумар Ботокараев «Азаттыкка» алар учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Анын айтымында, ооруканага кайрылгандардын төртөө биринчи медициналык жардам алып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Ал эми абалы оор… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Боомдогу жол маал-маалы менен жабылат

Бүгүнтөн тарта Боомдогу жол маал-маалы менен жабылат. «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалым болгондой, Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында 30-майдан 3-июнга чейин таш түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Жол эртең мененки саат 9дан түшкү 3кө чейин жабык болот. Эгер 30-40тан ашык унаа топтолсо таш кулатуу иштери… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды Японияга ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлдү

Кыргызстандыктарды Японияга ишке орноштуруу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн чыгыш өлкөсүнө биринчи топ ушул жылдын аягына чейин жумушка жөнөп кетишет. Ведомстводон белгилешкендей, министрликтин линиясы боюнча кыргызстандыктар иштегени кетип жаткан өлкөлөрдүн тизмеси алдыда дагы кеңейтилет. Маселен,… Кененирээк…

ӨКМ күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүн күтүлүп жаткан туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.