Быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру 12-июлда башталат

Быйыл жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун биринчи туру  12-июлда башталат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 1-этап  12-17-июлда, экинчиси 19-июлдан 24-июлга чейин жана үчүнчү этап 26-июлда башталып, 31-июлга чейин созулат.

 

Жогорку окуу жайларга ЖРТнын босого баллынан өткөн абитуриенттер тапшыра алат.

 

Ал эми босого балл тестирлөөнүн жыйынтыгы чыккандан кийин белгилүү болот. Абитуриенттердин документтери “Абитуриент Online” порталы аркылуу кабыл алынат.