Бишкекте 2 миңдей дарак электрондук каттоого алынды.
Мэрия маалыматына ылайык, инвентаризациялоонун алкагында медициналык карта ачылып, ага дарактын саны, отургузулган аймагы, түрү жана абалы жазылат.
Бишкекте алгачкы жолу бак-дарактарды электрондук түрдө каттоо былтыр жайында башталган. Анын максаты — жашылдандыруу ишин жакшыртуу, бак-дарактарды калыбына келтирүү, кыйылгандардын ордуна көчөт отургузуу, байкоо салып туруу жана кам көрүү.