Ысык-Көл милициясы туристтик сезондо эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого даяр. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, тартипти сактоого 1 миңден ашык кызматкер тартылат.
Кырдаага жана келген туристтердин санына жараша милиционерлердин саны көбөйтүлөт. Трассага 50 пост орнотулуп, анда жол инспекторлорунун 3 смендик нөөмөтү уюштурулат.
Андан тышкары, туристтик милициянын кызматкерлери аймактын эл көп чогулган жерлеринде жөө жана жол тандабас унаалар менен кайгуул жүргүзөт.