Бишкекте велосипед жана самокаттарды ижарага берген 80 пункт ачылат

Бишкекте велосипед жана самокаттарды ижарага берген 80 пункт ачылат.

Шаардык мэриядан такташкандай, долбоор июль айынын башында ишке кирет.

Белгиленгендей, транспорт каражаттарын ижарага мобилдик тиркеме аркылуу алууга болот.

Долбоор ордо калаадагы жол тыгындарын азайтуу, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтууга багытталат.