Кыргызстандыктардын 35 пайызы жумушта телефонго алаксыйт

Кыргызстандыктардын 35 пайызы жумушта телефонго алаксыйт.

Бул тууралуу жергиликтүү онлайн-платформанын сурамжылоосунда белгилүү болду.

Ага 300дөй респондент катышып, анын 35 пайызы жумуш учурунда мессенджерлерге жана социалдык тармактарга алаксып кетерин моюнга алган.

Алардын ичинен 20 пайыз адам ар бир беш мүнөт сайын телефонун текшерет, 21 пайызы ар бир жарым саатта, ал эми 31 пайызы — саатына бир жолу телефонун тиктейт.

Респонденттердин 6 проценти гана ишинде эч нерсеге алаксыбай турганын айтышкан.