Бүгүн ордо калаада эң ысык аба ырайы болот

Бүгүн ордо калаада эң ысык аба ырайы болот.

Синоптиктердин айтымында, күндүз күн 39 градуска чейин ысыйт.

1-июлдан тарта абанын табы бир-эки градуска гана төмөндөйт.

Шамалдын жоктугуна байланыштуу дем жетпеши күтүлөт.

Мындан улам, өтө сак болуу сунушталат.

Бул күндөрдө мүмкүн болушунча түз тийген күндүн нурунан коргонуу, сейилдөөгө таңкысын же кечки саат 4төн кийин чыгуу керек.

Ошондой эле ичүүчү суу ала жүрүү маанилүү.