Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады

Бишкектеги №40 мектептин жаңы корпусунун курулушу 40 пайызга аяктады.

Мэриядан маалым болгондой, үч кабаттуу имарат 500 окуучуга чакталган.

Анда футбол, волейбол, баскетбол, воркаут үчүн спорт аянтчасы каралган.

Учурда сырткы газ менен жабдуу, рамаларды орнотуу, ошондой эле көрктөндүрүү боюнча жер иштери башталды.