Ноокатта вирусологиялык лаборатория ачылды.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулду.
Белгиленгендей, медициналык мекеме ILAB маалымат системасына туташтырылган.
Кошумчаласак, республика боюнча жалпысынан 10 жаңы ПЦР лаборатория куруу пландаштырылууда.
Учурда алардын алтоо иштеп жатат.