Кыргызстан аймактарындагы аэропорттор калыбына келтирилет

коом

Кыргызстан аймактарындагы аэропорттор калыбына келтирилет.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, “Баткен” аэропортунда учуп-конуу тилкеси жана перрон жаңыртылат. Калыбына келтирүү иштери ошондой эле “Каракол” аэробекетинде пландалды.

 

Андан тышкары, Ош аба майданында жүк терминалын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү суроосу каралып, Нарын аэропортунун  жаңы имаратын куруу боюнча долбоордук-сметалык документация даярдалды. Иштер жакынкы 5 жылдык планга киргизилди.