Жалал-Абадда аз камсыз 200 бала акысыз эс алат.
Шаардык мэриядан белгилешкендей, алар негизинен ата-энесинен ажыраган, июнь окуясында жабыркаган, чернобыль кырсыгын жоюуга катышкан үй-бүлөлөрдүн балдары.
Балдар Сузак районундагы Жалал-Абад шаардык мэриясына караган «Алтын балалык» лагерине жөнөтүлдү.