Нарын облусунда тоо этегине “Кыргызстан” сөзүн  чагылдырган бактар отургузулат

Нарын облусунда тоо этегине “Кыргызстан” сөзүн  чагылдырган бактар отургузулат. Мындай өзгөчө токой Каратал чарбачылыгындагы Кызыл-Үңкүр тилкесинде пайда болот.   Демилге Нарын жана Ат-Башы райондорунун жаштарына таандык. Алар өз алдынча бактардын 100 көчөтүн сатып алып, даярдап койду. Жазында көчөттөр “Кыргызстан” сөзүн чагылдырып тигилет. Бактар токой чарбачылыгынын … Кененирээк…

Бишкекте №61 мектептин жаңы корпусунун курулушу окуу жылынын башталышына карата аяктайт

Бишкекте №61 мектептин жаңы корпусунун курулушу окуу жылынын башталышына карата аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.   Учурга карата иштер дээрлик 90 пайызга жыйынтыкталып калды. Аймакты көрктөндүрүү жана ички жасалгалоо жумуштары аткарылууда. Белгилеп кетсек, 375 окуучуга чакталган корпустун курулушуна 917 миң доллар… Кененирээк…

Парламентте Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө документ колдоо тапты

Парламентте Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө документ колдоо тапты.   Мыйзам долбоорду Экономика министрлиги демилгелеген. Күтүлгөндөй, бул креативдүү ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп берүүгө жардам берет.   Андан тышкары, документ өкмөткө жана жеке тармакка креативдүү индустрияларды эл аралык рынокторго чыгарууга жол ачып, муну менен өлкөгө… Кененирээк…

БШК шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү ниетинде

БШК шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү ниетинде.   Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, соттор, мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер кирди.   Алар азыркы мыйзамды тыкыр анализдеп, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.

Садыр Жапаров бир катар ишкерлерге мамлекеттик сыйлык тапшырды

Президент Садыр Жапаров Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн КРдин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды: «Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коому; «БИОВИТ» жоопкерчилиги чектелген коому; «ТЕКСТИЛЬ… Кененирээк…

Көл жээгинде жапырт мушташка себепкер болгон жаран эки айга камалды

Облустук ички иштер башкармалыгы 29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде 18 адам катышкан жапырт мушташка себепкер болгон 34 жаштагы М.Э. райондук соттун чечими 20-июлга чейин камакка алынганын кабарлады.   Башкармалыктын «Азаттыкка»  кабарлашынча, көл жээгиндеги «Радуга» пансионатынын пляжындагы жапырт мушташ боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан… Кененирээк…

Кыргызстанда “Эмгек сиңирген ишкерлерге” өзгөчө статус жана кызматтык паспорт берилет

Кыргызстанда “Эмгек сиңирген ишкерлерге” өзгөчө статус жана кызматтык паспорт берилет. Президент Садыр Жапаров билдиргендей, мындай чечим өлкөдөгү ишкерлердин макамын жана беделин жогорулатуу үчүн чыгарылды. Жарлыкка ылайык, “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери” наамын алган бизнесмендерге кызматтык паспорт берилип, алар аэропорттордо VIP-залдар, расмий делегациялар жана бизнес залдарда тейленет.… Кененирээк…

Жалал-Абадда шаурмага уулангандардын саны 40ка жетти

Жалал-Абадда шаурмага уулангандардын саны 40ка жетти. Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, учурда 28 бейтап ооруканада, 12си үйүндө дарыланууда. Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы тез татымдардын биринде массалык уулануу 30-июнда катталган. Бул окуядан кийин тамактануучу жайга 7,5 миң сом айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Учурда шаар аймагындагы бардык тез… Кененирээк…

Министр Бекмурзаев оозеки эскертүү алды

Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров оозеки эскертүү берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматына таянып «Азаттык» маалымдады. Жогорку Кеңеште 29-июнда Министрлер кабинети маалымат берип жаткан чакта энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин ишине сын доомат көп айтылган. Парламентте айрым депутаттар энергетика тармагындагы бир… Кененирээк…

Билим берүү уюмдары үчүн “Билим” маалымат порталы түзүлдү

Билим берүү уюмдары үчүн “Билим” маалымат порталы түзүлдү. Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, порталда өлкөнүн бардык билим берүү уюмдары жөнүндө маалымат бир жерге чогултулат. Анда иш-аракеттер, аккредитациялар, бош орундар, байланыш номерлери жөнүндө маалымат баракчасын түзүүгө болот. Порталды пайдалануу билим берүү уюмдары үчүн акысыз.