Бишкекте №61 мектептин жаңы корпусунун курулушу окуу жылынын башталышына карата аяктайт

Бишкекте №61 мектептин жаңы корпусунун курулушу окуу жылынын башталышына карата аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.

 

Учурга карата иштер дээрлик 90 пайызга жыйынтыкталып калды. Аймакты көрктөндүрүү жана ички жасалгалоо жумуштары аткарылууда. Белгилеп кетсек, 375 окуучуга чакталган корпустун курулушуна 917 миң доллар бөлүнгөн.