Көл жээгинде жапырт мушташка себепкер болгон жаран эки айга камалды

Облустук ички иштер башкармалыгы 29-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде 18 адам катышкан жапырт мушташка себепкер болгон 34 жаштагы М.Э. райондук соттун чечими 20-июлга чейин камакка алынганын кабарлады.

 

Башкармалыктын «Азаттыкка»  кабарлашынча, көл жээгиндеги «Радуга» пансионатынын пляжындагы жапырт мушташ боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (“Ээн баштык”) негизинде кылмыш иши козголгон.

“Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө мушташка 11 жарандын түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган, анын ичинен үчөө эс алуучу, сегизи пансионаттын коопсуздук кызматында иштейт”, — деп айтылган милиция тараткан малыматта.

 

29-июнда Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Радуга” пансионатынын пляжында калайман мушташ боюнча 18 адам кармалып, сурак берип жатканы кабарланган.

Жапырт мушташ тартылган тасма буга чейин социалдык тармактарда тарап, кармалгандардын жакындары комментарий берген эмес.