БШК шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү ниетинде

БШК шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү ниетинде.

 

Бул үчүн атайын жумушчу топ түзүлүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, соттор, мамлекеттик органдардын, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү жана эксперттер кирди.

 

Алар азыркы мыйзамды тыкыр анализдеп, аны жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгышы керек.