Парламентте Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө документ колдоо тапты

Парламентте Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө документ колдоо тапты.

 

Мыйзам долбоорду Экономика министрлиги демилгелеген. Күтүлгөндөй, бул креативдүү ишкерлердин бизнесин өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзүп берүүгө жардам берет.

 

Андан тышкары, документ өкмөткө жана жеке тармакка креативдүү индустрияларды эл аралык рынокторго чыгарууга жол ачып, муну менен өлкөгө инвесторлорду тартат. Тизмеге ишкердүүлүктүн 15тен ашык түрү кирди, анын ичинде архитектура, дизайн, көркөм искусство, медиа искусство, музыка, кино жана башкалар бар.