Президент Садыр Жапаров Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада ата мекендик ишкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана бюджеттин киреше бөлүгүн толуктоого олуттуу салым кошкондугу үчүн КРдин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
«Atalyk Group» («Аталык Групп») жабык акционердик коому;
«БИОВИТ» жоопкерчилиги чектелген коому;
«ТЕКСТИЛЬ ТРАНС» (TEXTILE TRANS) жоопкерчилиги чектелген коому.
Президенттин атынан алкыш жарыяланган ишкерлер:
Эгембердиев Кайрат Таабалдыевич — «Шоро» жабык акционердик коомунун башкы директору;
Шалюта Александр Васильевич — «Кайыңды Кант» ачык акционердик коомунун башкы директору;
Ирсалиев Нияз Рахатбекович — «Тегирменти Гидроэлектростанциялары» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Кокоев Кайрат Абдилбаитович — «Кыргыз каганат» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Капаров Санжар Нуралиевич — «Кант ТШП» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору;
Акаев Канатбек Ергешбаевич — «БАРБОЛ» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору.