Билим берүү уюмдары үчүн “Билим” маалымат порталы түзүлдү.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, порталда өлкөнүн бардык билим берүү уюмдары жөнүндө маалымат бир жерге чогултулат.
Анда иш-аракеттер, аккредитациялар, бош орундар, байланыш номерлери жөнүндө маалымат баракчасын түзүүгө болот.
Порталды пайдалануу билим берүү уюмдары үчүн акысыз.