Ысык-Көл облусунун айрым айылдарын суу каптады

29-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам болжол менен саат 21:30 чамасында, Каракол капчыгайынын эки тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, эки көпүрөнү жаап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жабылган көпүрөлөр бүгүн оор техниканын жардамы менен тазаланат. Ушул эле күнү Түп районунун… Кененирээк…

Бишкектин 125 жылдыгы атындагы сейил багын жаңылоого сынак жарыяланды

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Бишкек шаарынын 125 жылдыгы атындагы (Асанбай) сейил багын модернизациялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөш долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо сынагына катышуу үчүн квалификациялык тандоону жарыялайт. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, департамент бардык кызыктар тараптарды аталган сейил бакты модернизациялоо долбоору боюнча жеке… Кененирээк…

Бишкектин Касым конушундагы бала бакчаны оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Касым конушунда жайгашкан №1 «Шоола» бала бакчасын оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бала-бакчада жасалгалоо иштери толугу менен аткарылып, биринчи жана экинчи кабаттардагы жыгач, кафель полдору, жер астындагы инженердик коммуникациялар жана электр зымдары алмаштырылып, терезе жана… Кененирээк…

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, сапардын алкагында бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында 7,5 миңден ашык насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында дыйкандарга 7,5 миңден ашык жеңилдетилген насыя берилди. Министрлер кабинетинин маалыматы боюнча, кредиттердин жалпы суммасы 4 миллиард сомдон ашты. Бийлик бул каражат мал чарбачылыгын жана өсүмдүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө бөлүнгөнүн белгиледи. Мындан тышкары, каржылоону айыл чарбасында кайра иштетүү жана кызмат… Кененирээк…

“Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбай калды

“Жалал-Абад” аэропорту оңдоо иштерине жабылбай калды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы билдирди. Мунун себеби жүргүнчүлөрдүн суроо-сунуштарына байланыштуу, — деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, аба майдандын аэродромунун элементтерин оңдоо иштери 2023-жылга жылдырылды. Регулярдык каттамдар мурдагыдай эле, жумасына алты жолу график боюнча аткарылат.

Beyonce алты жылдан кийин жаңы альбомун чыгарды

Америкалык ырчы Beyonce жаңы альбомун чыгарды. Бул анын алты жылдан кийинки биринчи эмгеги. Ырчынын айтымында, альбом мурда Интернетке чыгып кеткен, бирок ишенимдүү күйөрмандары расмий чыгарылышын күтүшкөн. Жетинчи студиялык альбом “Кайра жаралуу” деп аталат. Анын негизги урааны «Ачыл жана бийле» деген сөз болду. Маалым болгондой, альбомду… Кененирээк…

Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп ачылат

Жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад облусунда жаңы мектеп ачылат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Сары-Камыш айылында жайгашат. Имарат 225 орунга ылайыкталган. Бүгүнкү күндө курулуш иштери 86 пайызга аткарылды. Долбоордун сметалык баасы 885 миң долларды түзөт.

Быйыл мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат

Быйыл мектептерде окуу жылы 1-сентябрда башталат. Маалыматты Novosti.kgге Билим берүү министрлигинен тастыкташты. Азыр ведомство министрлер кабинетинин расмий чечимин күтүп жатат. Эске салсак, былтыр мектеп окуучулары жана студенттер 15-сентябрдан тарта окуй башташкан. Кийин бул бир топ көйгөйлөрдү алып келгени айтылды. Айрыкча, июнь айынын ысыгынан окуучулар чарчап,… Кененирээк…

Министрлер кабинети электр энергиясына «чексиз» тарифин бекитти

Министрлер кабинети керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн электр жана жылуулук энергиясына колдонуудагы тарифтерди сактап калды. Ошол эле учурда электр энергиясына бир киловатт үчүн 5 сом 4 тыйындан жаңы тариф киргизилүүдө. Ал электр энергиясын чектөөсүз колдонууну каалагандар үчүн болот. Чексиз тариф келишим боюнча ыктыярдуу негизде колдонулат. Бирок… Кененирээк…