Бишкектин 125 жылдыгы атындагы сейил багын жаңылоого сынак жарыяланды

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти «Бишкек шаарынын 125 жылдыгы атындагы (Асанбай) сейил багын модернизациялоо» мамлекеттик-жеке өнөктөш долбоору боюнча жеке өнөктөштү тандоо сынагына катышуу үчүн квалификациялык тандоону жарыялайт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, департамент бардык кызыктар тараптарды аталган сейил бакты модернизациялоо долбоору боюнча жеке өнөктөш тандоо сынагына катышууга чакырат.

Бул долбоор борбор калаанын жашоочуларына жана конокторуна жагымдуу шарттарды түзүү максатында, сейил бактын инфраструктурасын өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн каралган.

Квалификациялык тандоого арыздарды 2022-жылдын 26-августунда саат 16:00гө чейин Бишкек ш., Шевченко көч. 25 дарегинин биринчи кабатында жайгашкан кадрлар менен иштөө, документтик камсыздоо жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнө өзүңүздөр калтырсаңыздар же курьердик кызмат аркылуу жөнөтсө болот.