Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келди

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди.

Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында бийик жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.