Ошто текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 6 тамактануу түйүнү ишин токтотту

Ошто текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 6 тамактануу түйүнү ишин токтотту. Жалпысынан аларга  120 миң сом айып салынды, — дешти Ош санэпидем көзөмөл борборунан.   Рейддин алкагында санитардык талаптарды аткарбаган кафе-ресторандар жана тез татым түйүндөрү аныкталып, Бирдиктүү реестрге катталды. Аларга бузууларды жоюу үчүн убакыт берилди.   Инспекциядан… Кененирээк…

Кыргызстан уюлдук интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 91-орунда турат

Кыргызстан уюлдук интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 91-орунда турат.   Биздин өлкөдө уюлдук операторлордун тармагы боюнча контентти жүктөөнүн орточо ылдамдыгы – секундасына 20,96 мегабитти түзөт, ал эми интернетке файл жүктөө үчүн – секундасына 9 мегабит жетиштүү. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан Аргентина, Мавритания, Монголия жана Уганда менен… Кененирээк…

Кыргызтанга кумшекерди бажы төлөмү жок алып кирүү боюнча квотанын мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды

Кыргызтанга кумшекерди бажы төлөмү жок алып кирүү боюнча квотанын мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон эске салышкандай, буга чейин республика жеңилдетилген шарттар менен шекерди августтун аягына чейин ташый алмак. Мөөнөт Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен узартылды.

Бишкектин бир катар аймагы бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин бир катар аймагы бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Ахунбаев, Чортеков, Профсоюз, Кайназаров, Фрунзе, Лермонтов, Көлбаев көчөлөрүндө, Төмөнкү Ала-Арча, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас жана Ак-Тилек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандык Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Эл аралык мелдеш учурда Нур-Султан шаарында өтүп жатат.   Шеров анда 90 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чейин жетип, чечүүчү беттеште жеңишти казакстандык спортчуга алдырып алды.   Ушуну менен дзюдо боюнча быйылкы Азия чемпионатында Кыргызстандын… Кененирээк…

Өлкөнүн жогорку окуу жайларында этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүндү

Өлкөнүн жогорку окуу жайларында этникалык кыргыздар үчүн 75 орун бөлүндү. Билим берүү министрлигинен такташкандай, 30 квота Өзбекстанга, 25 Тажикстанга, Түркияга 10, Казакстан жана Кытайда жашаган кыргыздарга 5тен орун берилди.   Алар Улуттук, Мамлекеттик жана Гуманитардык университеттерде билим ала алышат.

Кыргызстандан Германияга жумушчулардын жөнөтүү боюнча келишим түзүлөт

Кыргызстандан Германияга жумушчулардын жөнөтүү боюнча келишим түзүлөт.   Тиешелүү меморандум эки өлкөнүн эмгек министрликтери ортосунда жетишилет. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында кыргызстандыктар Германияда ар кандай тармактарда иштей алат.   Басым технологиялык кесиптерге берилет. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө Германияда 10 миңге жакык мекендеш жашап, иштейт. Буга чейин… Кененирээк…

Бишкекте көмүрдүн тоннасын 4 миң сомдон саткан түйүндөр ачылууда

Бишкекте көмүрдүн тоннасын 4 миң сомдон саткан түйүндөр ачылууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Алыкулов көчөсүндө жайгашкан түйүнгө 100 тоннадан ашык кара отун жеткирилди.   Көмүр саткан жайлар ошондой эле Мурманск 6, Алма-Ата – айланма жол, Кара-Жыгач, Ак-Босого конуштарында ачылды.   Ишкана жарандарга кыштын… Кененирээк…