Кыргызтанга кумшекерди бажы төлөмү жок алып кирүү боюнча квотанын мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды

Кыргызтанга кумшекерди бажы төлөмү жок алып кирүү боюнча квотанын мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон эске салышкандай, буга чейин республика жеңилдетилген шарттар менен шекерди августтун аягына чейин ташый алмак. Мөөнөт Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен узартылды.