Францияда 1 миң чакырымга созулган унаа тыгындары катталды

  Францияда 1 миң чакырымга созулган унаа тыгындары катталды. Бул рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет.   Тыгындын себеби – элдердин массалык түрдө курортторго жөнөгөндүгүндө. Эң узак тыгын Парижден Бордо эс алуу аймагына барчу жолдо катталды.   Буга байланыштуу өлкөнүн айрым аймактарында “чукул кырдаал” режими жарыяланган. Тыгындар… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен шашылыш билдирүү. Ведомство маалыматына ылайык, туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөп жааган жаан-чачынга байланыштуу 8-августтан 12-августка чейин республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.   Андыктан, жарандарга этият болуп, зарылчылык жок болсо тоолуу трассалар аркылуу жүрүүдөн баш тартуу сунушталат.

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард кубометрден ашты

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13 миллиард кубометрден ашты.   “Электр станцияларынан” билдиришкендей, суунун орточо суткалык агып кирүүсү 524 кубометрге жетсе, агып чыгуусу – 416 кубометрге барабар.   Эске салсак, Кыргызстанда суунун аз келүү мезгили уланууда. Буга байланыштуу адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.

Кыргызстанга Pfizer вакцинасы жеткирилди

Кыргызстанга Pfizer вакцинасы жеткирилди. Бул тууралуу Novosti.kgге Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлнара Ишенапысова билдирди. Анын айтымында, жалпысынан вакцинанын 100 миң 600 дозасы келди.   Бирок аны аралаштыруу үчүн препарат белгисиз себептер менен жеткирилген жок. Учурда мунун себебин тактоо жүрүп жатат.   Андыктан, каалоочуларды Pfizer вакцинасы… Кененирээк…

Футболчу клубга өз учурунда келиш үчүн өзүнүн үлпөт тоюна агасын жөнөттү

Футболчу клубга өз учурунда келиш үчүн өзүнүн үлпөт тоюна агасын жөнөттү.   Буйя Турей швециялык “Мальме” клубуна өтмөк. Бирок клубдун жетекчилиги аны бир күн эрте келүүнү сурангандыктан, анын ордуна тойго  күйөө бала катары биртууганы барды.   Анткени, тойго бардыгы даярдалып, коноктор чакырылган болчу. Эми футболчу… Кененирээк…

Ошто мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынууда

Ошто мыйзамсыз орнотулган жарнама такталары алынууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 49 объект аныкталып, 23 эскертүү кагазы берилди.   Бузуулар 7 күндүн ичинде жоюлушу керек. Мыйзамсыз жарнамалык такталарды аныктоо боюнча рейд уланат, — дешти муниципалитеттен.

Кыргызстан мектептери салттуу коңгуроодон обондууларга өтө баштады

Кыргызстан мектептери салттуу коңгуроодон обондууларга өтө баштады. Процесс  каржылык салымдарды талап кылгандыктан, этап менен жүрөт. Көнүмүш болуп калган коңгуроонун ордуна эми сабактын башталышын жана аякташын классикалык, элдик музыка билдирип турат.   Эске салсак, бул чара Салттуу баалуулуктарды сактоо жана алдыга жылдыруу боюнча Улуттук программада камтылган.… Кененирээк…

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда накталай эмес чет элдик валютанын жетишсиздиги катталууда деген маалыматты четке какты

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногунда накталай эмес чет элдик валютанын жетишсиздиги катталууда деген маалыматты четке какты.   Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, жарандардын кайрылуусу боюнча накталай эмес валюта менен каалаган өлчөмдө операциялар жүргүзүлүп жатат.   Бирок накталай доллар  чындыгында жетишсиз, коммерциялык банктар америкалык валютаны чет… Кененирээк…

Москвада канализацияны тазалап жаткан эки кыргызстандык каза болду

Москванын түштүк-чыгышында саркынды суу кетчү арыкты тазалап жаткан Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.   Москва бийлиги буга чейин Люблино районунда 13 жумушчу арыкты тазалап жаткан учурда катуу жамгыр жаап, суунун агымы көбөйүп аларды агызып кеткенин билдирген. Бешөө… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда

Кыргызстандын тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу сакталууда.   Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу алдыңкы күндөрү өлкөнүн тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.