Бишкекте көмүрдүн тоннасын 4 миң сомдон саткан түйүндөр ачылууда. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Алыкулов көчөсүндө жайгашкан түйүнгө 100 тоннадан ашык кара отун жеткирилди.
Көмүр саткан жайлар ошондой эле Мурманск 6, Алма-Ата – айланма жол, Кара-Жыгач, Ак-Босого конуштарында ачылды.
Ишкана жарандарга кыштын камын эртелеп көрүүнү сунуштайт.