Кыргызстан уюлдук интернеттин ылдамдыгы боюнча рейтингде 91-орунда турат.
Биздин өлкөдө уюлдук операторлордун тармагы боюнча контентти жүктөөнүн орточо ылдамдыгы – секундасына 20,96 мегабитти түзөт, ал эми интернетке файл жүктөө үчүн – секундасына 9 мегабит жетиштүү. Бул көрсөткүч менен Кыргызстан Аргентина, Мавритания, Монголия жана Уганда менен бир сапта турат.
Казакстан 82-орунда, Өзбекстан 117- жана Тажикстан 132-орунга жайгашты. Рейтингдин сап башында Норвегия, Бириккен Араб Эмираттары, Түштүк Корея, Катар, Кувейт, Дания жана Кытай турат.