Кыргызстандык Эрлан Шеров дзюдо боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. Эл аралык мелдеш учурда Нур-Султан шаарында өтүп жатат.
Шеров анда 90 килограммга чейинки салмак категориясында финалга чейин жетип, чечүүчү беттеште жеңишти казакстандык спортчуга алдырып алды.
Ушуну менен дзюдо боюнча быйылкы Азия чемпионатында Кыргызстандын эсебине экинчи байге жазылды. 5-августта Чыңгызхан Сагыналиев коло байге уткан.