Бишкектин бир катар аймагы бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин электр энергиясы Ахунбаев, Чортеков, Профсоюз, Кайназаров, Фрунзе, Лермонтов, Көлбаев көчөлөрүндө, Төмөнкү Ала-Арча, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас жана Ак-Тилек конуштарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.