Ошто текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 6 тамактануу түйүнү ишин токтотту

Ошто текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен 6 тамактануу түйүнү ишин токтотту. Жалпысынан аларга  120 миң сом айып салынды, — дешти Ош санэпидем көзөмөл борборунан.

 

Рейддин алкагында санитардык талаптарды аткарбаган кафе-ресторандар жана тез татым түйүндөрү аныкталып, Бирдиктүү реестрге катталды. Аларга бузууларды жоюу үчүн убакыт берилди.

 

Инспекциядан белгилешкендей, текшерүүлөр дагы уланат.