Чолпон-Атада Евразиялык кеңеш аралык отурум өтөт

Чолпон-Атада Евразиялык кеңеш аралык отурум өтөт. Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, иш-чара салттуу форматта 25-26-августта болот.

 

Ага ЕАЭБ мамлекеттеринин өкмөт башчылары, байкоочу-мамлекеттер, Евразиялык экономикалык комиссия коллегиясынын төрагасы жана бир нече мамлекеттердин атайын өкүлдөрү катышат. Күн тартибине бир нече суроо киргизилди.

 

Алсак, бирдиктүү газ рыногун түзүү, өндүрүш корпорациясы жана башкалар. Андан тышкары, форумдун алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар уюштурулат.