Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Эрнис Толтоев дайындалды. Бул туурасында облус өкүлчүлүгүнөн билдиришет.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эрнис Толтоев бүгүн, 10-августта эмгек жамаатка тааныштырылды.
Белгилей өтсөк, ал 2017-2020-жылдары президенттин аппаратында иштеп, ошол кездеги өлкө башчынын жардамчысы болгон.