Жарым жылда 1 миңден ашык жаранга батыр алууга жеңилдетилген насыя берилди

Ушул жылдын биринчи жарымында 1 миңден ашык жаранга батыр алууга жеңилдетилген насыя берилди. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына караганда, кредиттин жалпы суммасы 2,5 миллиард сомду түздү. Расмий маалыматка ылайык, ипотекалык компания иш жүргүзө баштаган 2016-жылдан ушул күнгө чейин 7 миңге жакын үй-бүлө турак-жайлуу болгон.

Ысык-Көлдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жер титирөөнүн күчү Корумду, Темировка, Григорьевка, Кожояр айылдарында – 3,5 балл, Булан-Сөгөттү, Семеновка, Бостери, Көк-Дөбө, Ананьево айылдарында – 3 балл, Чолпон-Ата шаарында, Кароол-Дөбө, Жаркынбаев жана Бактуу-Долоноту айылдарында 2,5… Кененирээк…

Ислам шериктештиги оюндарында Денис Петрашов алтын байгенин ээси болду

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов алтын байгенин ээси болду. Маданият министрлигинин маалыматына караганда, ал 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө финалдык жарышта 1-орунду алды. Денис Петрашов ушуну менен бул мелдеште үчүнчү жолу байгеге ээ болду. Ал буга… Кененирээк…