Кытайда 65 жаштагы жаран караокеден өпкөсү жабыркап ооруканага түштү

Кытайда 65 жаштагы жаран караокеден өпкөсү жабыркап ооруканага түштү. Ал абдан катуу, жогорку ноталарды алып 10 ырды тынымсыз ырдаган. Бирок көп өтпөй көкүрөгү ооруп, дем алуусу кыйындай баштаган. Бейтапты текшерген дарыгер өпкөнүн жабыркашына анын үнүнүн болушунча катуу ырдаганы жана бийик ноталар себеп болгонун тастыктады.

Кыргызстанда дизель майы кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда дизель майы кымбатташы мүмкүн. Мунай ташуучулар россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордо солярка кымбаттап кеткендиктен, бааны көтөрүүгө аргасыз болуп жатканын билдирүүдө. Өз кезегинде Монополияга каршы мамлекеттик орган нефтетрейдерлерди бааны кармап туруу үчүн колдон келген аракетти жасоого чакырып жатат. Кошумчаласак, азыр Кыргызстанда бир литр дизелдин баасы… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2024-жылы аяктайт

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу 2024-жылы аяктайт. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда аталган жолдун 159-183-чакырымына асфальтобетон төшөлдү жана 25 даана суу өткөрүүчү түтүктөрдүн курулушу бүткөрүлдү. Ошондой эле эки көпүрөдө жана 10 суу өткөрүүчү түтүк боюнча жумуш жүрүүдө. Курулуш иштерине түзүлгөн келишимдин баасы дээрлик 18 миллион долларды… Кененирээк…

Бүгүн Талас жана Чүй облусунда директорлор тестирлөөдөн өтүшүүдө

Бүгүн Талас жана Чүй облустарында мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына талапкерлер тестирлөөдөн өтүшүүдө. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Талас облусунда 44, Чүйдө 146 бош орун бар. Белгилеп кетсек, президенттин жарлыгына ылайык, жаңы окуу жылына карата 966 мектепте директорлор алмаштырылышы керек, анткени… Кененирээк…

Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды

Кара-Көл шаарынын аймагында 6 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Көл шаардык милиция бөлүмүнүн демилгеси менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык автивдердин, айыл тургундарынын катышуусунда «Кара-Куурай» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө… Кененирээк…

Бишкекке «Город 312» тобу келет

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол ардагерлеринин курама командасы менен КМШ өлкөлөрүнүн оюнчуларынан турган курама командасынын ортосунда футбол боюнча жолдоштук беттешүү өтөт. КМШ ардагерлер командасынын курамында белгилүү Ринат Дасаев, Вагиз Хидиятуллин, Александр Азимов, Марат Кабаев, Хорен Оганесян, Сервер Жепаров, Евгений Альдонин, Григорий Твалтвадзе жана… Кененирээк…

Синоптиктер сентябрь айында аба ырайы кандай болорун айтышты

Синоптиктер Кыргызстанда сентябрь айында аба ырайы кандай болорун айтышты. Кыргызгидрометтен билдиришкендей, күздүн биринчи айында өлкөнүн түндүгүндө абанын температурасы күндүз +33 градуска чейин жетип, түнкүсүн +5ке чейин төмөндөшү мүмкүн. Түштүк аймактарда абанын температурасы күндүз +22 градустан +35 градуска чейин жетип, түнкүсүн 13 градуска чейин жылышы күтүлөт.… Кененирээк…

Бишкектин борборунда жол кыймылынын тартиби өзгөрдү

Бишкекте бүгүнтөн тарта Логвиненко жана Панфилов көчөлөрүнүн Киевден Чүй проспектисине чейинки бөлүктөрү бир тараптуу болуп өзгөрдү. Эртеңден тарта Шопоков көчөсүнө да ушундай эле эреже киргизилет. Аталган аймакка жол белгилери орнотулду. Айдоочулар жаңы тартипке көнүүсү үчүн жакынкы эки-үч күндө жол эрежеси бузулса протокол түзүлбөй, түшүндүрүү иштери… Кененирээк…

Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлүндө өтөт

Өлкө мектептеринде Билим күнү милициянын өзгөчө көзөмөлүндө өтөт. 1-сентябрда Бишкекте эле тартипти 500дөн ашык милиция кызматкери камсыздайт. Салт боюнча жаңы окуу жылынын алдында мектеп имараттарын комиссиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулууда, — деп билдирди Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Казакстанда 1-класста дароо үч тилди окутуу эрежеси жоюлду

Казакстанда жаңы окуу жылынан тарта 1-класстын окуучулары мурдагыдай дароо үч тилди эмес, казак тилин гана окуй башташат. Бул тууралуу өлкөнүн агартуу министри Асхат Аймагамбетов өкмөттүн 16-августтагы жыйынында билдирди. «Балдар 1-класста казак тилин гана окушат. Анткени орус жана англис тилдерин үйрөнүү үчүн алгач алар өз тилинде… Кененирээк…